Бүгүн, 7-ноябрда Астана шаарында өткөн
Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин 4-жыйынынын аягында үч келишимге кол коюлду. Алар:
- Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташтык боюнча иш-чаралардын планы тууралуу;
- Евразиялык интеграциянын алкагында Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу;
- Энергетикалык тармактагы кызматташтык тууралуу.
Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, отун-энергетикалык, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу маселеси талкууланды.