"Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча Казакстан техникалык жана комплекстүү колдоосун көрсөтөт",- деп билдирди бүгүн, 7-ноябрда Кыргызстан жана Казакстан Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин 4-жыйынынын жыйынтыгында Казакстандын президенти
Нурсултан Назарбаев.
Анын айтымында, казак тарап Кыргызстандын чек араларын бекемдөө жана аталган биримдиктердин шарттарына ылайык даярдоого жардам көрсөтөт. "Мындан тышкары Кыргызстанда эки мектепти курууну пландап жатабыз: бири түштүк, экинчиси түндүк аймакта курулмакчы",- деди казак лидери.