Бишкекте Абайдын, Астанада Манастын эстеликтери тургузулат

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Абайдын, Казакстандын борбору Астанада Манастын эстеликтери тургузулат. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Кыргызстан жана Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин 4-жыйынынын жыйынтыгында Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев билдирди.

Анын айтымында, эстеликтерди тургузуу боюнча тиешелүү маселелер чечилди. "Алмазбек Атамбаевдин иш сапары эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерин бекемдеп, жогорку деңгээлге көтөрдү. Кыргызстан ар дайым бир тууган казак элинин жардамынан үмүттөнсө болот",- деди казак лидери.
"Мындан тышкары Чыңгыз Айтматов жана Чокан Валихановдордун эстеликтерин тургузууну пландап жатабыз",- деп белгиледи Назарбаев.
Айта кетсек, Абай - казак элинин залкар жазуучусу Мухтар Ауэзовдун "Абай жолу" чыгармасынын башкы каарманы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан