Астанада бүгүн, 7-ноябрда Кыргызстандын президенти
Алмазбек Атамбаев менен Казакстандын президенти
Нурсултан Назарбаев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Тар чөйрөдөгү жолугушуу өлкө башчыларынын расмий жолугушуусунан кийин башталды. Президенттер өлкөлөр ортосундагы мамиленин жогорку деңгээлин белгилешип, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.