Кечээ, 6-ноябрда парламент депутаты
Урмат Аманбаева өзүнө кылмыш ишинин козголушуна башкы прокурор
Аида Салянованы күнөөлөп "иним
Бактыбек Аманбаев үчүн башкы прокурор менден өч алгысы келип жатат" деп
билдирүү жасаган эле. Бул айыптоого Башкы прокуратура бүгүн, 7-ноябрда жооп кайтарып, атайын билдирүү жасады. Билдирүүдө булар айтылат:
"Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Медициналык техника жана дары менен камсыздоо департаменти 2013-жылдын 25-мартынан 29-мартына чейин Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун 2008-2012-жылдарда кургак учукка каршы күрөшүүдөгү дары-дармектерди рационалдуу пайдалануу жаатындагы ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүдө дары каражаттарын колдонуу боюнча каржылык мыйзам бузуулар болгону аныкталган. Борбордун ишмердүүлүгүндөгү каржылык мыйзам бузуулар Эсептөө палатасынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча 2013-жылдын 23-апрелиндеги актысында көрсөтүлгөн. Аталган материалдар Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын Ош жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жиберилген жана 2013-жылдын 14-майында бул факт боюнча кылмыш иши козголгон (КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси, ишенип тапшырылган мүлктү өздөштүрүп алуу же коротуу боюнча). Мындан тышкары 2013-жылдын 30-сентябрынан 31-октябрына чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ички аудит башкармалыгы тарабынан жогоруда аталган борбордун медикаменттерди колдонуусу боюнча аудит жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 4 миллион 006 200 сомдук дары-дармектерди пайдалануу боюнча мыйзам бузуулар болгону аныкталган.
Жогоруда айтылгандардан көрүнүп тургандай, арасында Урмат Аманбаева бар Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши анын иниси Бактыбек Аманбаевдин акыйкатчы болуп шайланышына чейин эле көзөмөлдөөчү органдын башчысынын (А.Салянова) катышуусусуз козголгон.
Бактыбек Аманбаев акыйкатчы болуп 2013-жылдын октябрь айында шайланган.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 17-апрелинде жаңы шайланган акыйкатчы Жогорку Кеңеште отчёт берүүдө башкы прокурордун дарегине сындарды жаадырган. Кийинки күнү башкы прокурор Аида Салянова парламент жыйынында билдирүү жасап, акыйкатчынын айткан сындарынын негизсиздигин далилдей турган маалыматтарды келтирип, акыйкатчынын сындары жеке кызыкчылыкка таянылганын, анткени эжесине кылмыш иши козголгонун айткан".