Кыргыз жарандарына Казакстанга кирүүдө каттоо мөөнөтү 5 күндөн 30 күнгө чейин узартылат

Кыргыз жарандарына Казакстанга кирүүдө каттоо мөөнөтү 5 күндөн 30 күнгө чейин узартылат. Мындай чечимге кечээ, 7-ноябрда Кыргызстан жана Казакстандын президенттери келишти. 
КРнын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун айтымында, жакынкы арада эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү жолугушууларды өткөрүп, каттоо мөөнөтүн узартуу боюнча келишимдерди бекитишет. "Казакстанда эмгектенүүгө барган кыргызстандыктар үчүн бул жакшы жаңылык. Анткени эми катталыш үчүн аларга ыңгайлуу шарттар түзүлөт", - деди Исаков.
Айта кетсек, Казакстандын өкмөтүнүн "Калктын миграциясы жөнүндө" токтомуна ылайык, чет өлкөлүк жарандар бул мамлекетке кирүүдө 5 күндүн ичинде тиешелүү түзүмдөргө барып катталышы керек. Ал эми Бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин жарандары үчүн бул мөөнөт 30 күндү түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан