Бүгүн, 10-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү. Бул күн майрам катары 1945-жылдан бери белгиленип келет. Тактап айтканда, Лондондо 1945-жылдын 29-октябрынан 10-ноябрына чейин өткөн "Бүткүл дүйнөлүк жаштардын конференциясынын" урматына майрам күнү деп бекитилген. Конференциянын жыйынтыгында Бүткүл дүйнөлүк демократиялык жаштар федерациясы түзүлгөнү белгилүү. Майрамды Кыргызстан да жыл сайын белгилейт. Бул күнү өлкөдө жаштар темасына арналган түрдүү иш-чаралар өтүп, тармактын мыктыларына өкмөттөн атайын Ардак грамоталар, баалуу белектер берилет.