Ички иштер министрлигинин Кинология борборунун иттери аркылуу 9 айда 130 кылмыштын бети ачылган

Ички иштер министри Мелис Турганбаев 8-ноябрда ИИМдин Кинология борборунун абалы менен таанышып чыкты. Маалыматка таянсак, 2014-жылдын 9 айында аталган кызматтын иттери менен 397 кызматтык-иликтөө иштери жүрүп, 130 кылмыштын бети ачылган. Турганбаев кыска убакыттын ичинде борбор үчүн жаңы имараттын планын түзүү, иттер кармалуучу жайларды капиталдык оңдоодон өткөрүү тапшырмасын берди. Министр кылмыштардын бетин ачууда милиция мыкты даярдалган иттерге муктаж экенин кошумчалады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан