Жогорку Кеңеш Кыргызстан Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулса, мигранттардын көйгөйлөрү чечилерин билдирди

Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулушу тууралуу Жогорку Кеңеш бүгүн, 10-ноябрда билдирүү жасады. Билдирүүдө булар айтылат:

"Ушу тапта Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу боюнча мыйзам долбоорунун алгачкы топтому парламентте каралып, биринчи окууда жактырылды. Ал эми 2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында өткөн жыйында Кыргызстандын жол картасы бекитилген. Кыргызстандын жаңы экономикалык биримдиктерге кирүүсү серепчилер арасында жандуу талкуу жаратууда. Ошондон улам “Кирсек эмне утабыз, кирбесек эмнени уттурабыз?” деген суроо туулбай койбойт.

Жакында эле өлкө президенти Алмазбек Атамбаев жаңы экономикалык биримдиктерге кирүүдө дагы, кирбей калууда дагы бир катар көйгөйлөр бар экенин белгилөө менен бирге Кыргызстан мына ошол эки жолдун тобокелчилиги азыраак жагын тандап аларын билдирди. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусун өлкө үчүн өтө маанилүү сырткы экономикалык артыкчылык катары белгилеп, айрыкча тышкы эмгек миграциясы жаатындагы көптөгөн көйгөйлөр чечиле баштай турганын айтты.

Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Кыргызстанга иш сапары менен келгенде, кыргыз жарандарынын болор-болбос нерселер үчүн "кара тизмеге" киргизилип жатканы сындуу бир топ көйгөйлүү маселелер козголуп, Орусия аймагына убактылуу эмгектенүүсү үчүн Кыргызстан жарандарын уюшкандык менен топтоо тууралуу өкмөттөр аралык макулдашуу долбоорун ишке ашыруу зарылдыгы, эмгек мигранттарына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүдө биргелешип иш алып баруу жагы талкууланды.

Матвиенко Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кириши менен эмгек миграциясы жаатындагы бир катар көйгөйлөр оң жагына чечиле турганын айтты. “Азыр Кыргызстанда миграция маселесин жөнгө салган министрликтин өкүлчүлүгүн ачуу чаралары каралып, эмгек ресурстарын өлкөнүн өзүндө топтоо тууралуу өкмөттөр аралык келишимдин долбоору макулдашылууда. Ал эмгек ресурсун белгилүү бир тармактарга багыттоого жана көмүскө эмгек рыногун көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк берет",- дейт Матвиенко.

Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмурзаев жогоруда айтылган пикирлерди тастыктоо менен бирге эмгек миграциясынын терс жактары да бар экенин эске салды. “Эмгек мигранттары үчүн алгылыктуу шарттар түзүлгөнү турат. Бирок эмгекке жарамдуу күч агымынын арбышы менен өлкөнүн өзүндө жумушчу күчүнүн тартыштыгы жаралбай койбойт. Муну да эстен чыгарбашыбыз керек”,- дейт ал. Д.Бекмурзаев ББ жана БЭМ алкагындагы эмгек миграциясы жумушка уруксат алуу жана ошол өлкөдө жүрүү келишимдери аркылуу жөнгө салынарын кошумчалады.

Жогоруда айтылган пикирлерге караганда, Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүүсүндө, айрыкча эмгек миграциясы жаатында жаралган маселелердин утуш жагы көбүрөөк болуп тургандай". 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан