АКШнын президенти Барак Обама Конгресске шайлоодо Демократиялык партиянын утулуп калышы боюнча жоопкерчиликти өзүнө алды. Чет элдик маалымат булактарына берген маегинде Обама "Биз жеңилүү ызасын тарттык. Бул жеңилүү боюнча жоопкерчиликти өзүмө алууга милдеттүүмүн" деп билдирген. Президент өзүнүн жасаган иштери америкалыктарга дайыма эле байкала бербестигин белгилеп, буларды айтты:
"Талашсыз, экономика бир кыйла өстү. Быйылкы жылдын октябрь айында эле 200 миңдей жаңы иш орундары түзүлдү. Менин президенттик мөөнөтүмдүн тушунда жалпы 10 миллиондой иш орундары пайда болду. Жумушсуздуктун деңгээли биз ойлогондон бир топ тезирээк төмөндөдү".
Эскерте кетсек, 4-ноябрда өткөн Конгресске шайлоодо Республикалык партия жеңип чыгып, Сенатта көзөмөл жүргүзүү укугун демократтардан тартып алды.
Шайлоого чейин эксперттер АКШда Барак Обаманын рейтинги өтө төмөндөп кеткенин, мунун кесепети Демократиялык партиянын Конгресстеги көп орунун жоготууга алып келиши мүмкүн экенин айтып келишкен эле.