Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев менен Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев 7-ноябрь күнү телефон аркылуу сүйлөшүштү. Премьер-министрлер кыргыз-орус кызматташтыгы, энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышканын 10-ноябрда өкмөттөн билдиришти. Тараптар Евразиялык экономикалык интеграциянын алкагында өз ара мамиле курууну да талкуулашканы айтылды. Жыйынтыгында эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү чечимине келишкен.