Бишкекте 13-ноябрдан 17-ноябрга чейин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоевдин жетекчилиги астында Башкы штабдын жетекчилик курамы менен ыкчам жыйыны өтөт. Муну бүгүн, 10-ноябрда аталган мекемеден билдиришти. Жыйындын башкы максаты жогорку мобилизациялык жана күжүрмөн даярдыкты сактоо боюнча башкаруу органдарында бирдиктүү иштөө ыкмасын иштеп чыгуу, өздүк курамдагы сапаттуу ыкчам жана күжүрмөн даярдыкты уюштуруу, аскердик тартипти жана аскер кызматчыларынын арасында укук тартибин чыңдоо, аскерлер менен күчтөрдү ар тараптуу камсыздоо экени айтылды. Жыйындын 14-ноябрдагы ишине өлкө президенти, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Алмазбек Атамбаевдин катышуусу күтүлүүдө.
Ушул эле күнү өздүк курамды, курал-жарактарды, техникаларды (брондук, автоунаа, авиациялык) тартуу менен көрсөтмө-методикалык сабактарды өтүү да пландалууда.