Депутаттар экологияны көзөмөлдөөчү жаңы орган түзүүнү сунушташты

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин 10-ноябрдагы жыйынында депутаттар айлана-чөйрөнү коргоо үчүн экологиялык полиция түзүүнү сунуш кылышууда. Депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, мындай орган түзүлсө, айлана-чөйрө катуу көзөмөлгө алынып, жаратылышты зыянга учураткандардын саны азаймак.

"Союз учурунда экологиялык полиция болуп, жаратылыш таза, жакшы корголчу. Ал полицияны көргөндөр көрүнбөй качып кеткенге аракет кылышчу. Азыр ушул кызматты ачуу керек болуп жатат. Аны уюштурууга көп деле каражат кетпейт",- деди депутат.

Депутаттын сунушун башка депутаттар колдоого алып, өкмөт бул сунушту карап чыкмай болду.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан