Кыргызстандын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьялары АКШда өткөн Айым судьялардын улуттук ассоциациясынын 36-конференциясына катышышты. Муну бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Конференция быйыл "Сот адилеттүүлүгүнө реалдуу жетүү жолун өнүктүрүү жана коргоо" деген темада өтүп, ага дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнөн айым судьялар катышты. Судьялар билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Конституциялык палатанын судьялары Кыргызстандын судьяларынын Айымдар ассоциациясын түзүү аркылуу айым судьялардын ролун активдештирүүнү сунушташты. Мындай уюм түзүүнүн максаты сот системинин көз карандысыздыгын сактоого, сот адилеттигине жетүү үчүн бардык жарандарга бирдей шарт түзүү үчүн күрөшүү болушу керектиги айтылууда.