Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстандын билимдүү жаштары бузуку күчтөргө жетеленбейт деп ишенем"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-ноябрда кыргызстандыктарды Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөнкүдөй: 
“Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу достор! 
Сиздерди Жаштар күнү менен чын дилимден куттуктайм! 
Ар бир муунга маңдайына жазылып, бир мезгил ыроолонот. Бирөөлөрдүн тагдырына Октябрь революциясы туш келсе, айрымдары Улуу Ата Мекендик согуш жылдары калыптанган. Совет доорунда өскөн жаштарыбыз да арбын. Сиздердин тагдырга эгемендүү Кыргызстандын өткөөл мезгили туш келди. Азыркы заман - жаңылануунун, реформалардын жана калыптануунун учуру. Кылымдар оошуп, заман жаңырып, эгемендүү мамлекетибиздин жаңы тарыхы жазылып жатат. Мурдагы муун бизге жакшы мурас калтырган - эгемендүү мамлекетибиз, эркиндикти туу туткан элибиз бар. 
Нечен кылымдарды карытып, далай кыйынчылыктарды, сыноолорду баштан кечирген кыргыз элинин улуу көчүндө сиздер дагы бара жатасыздар. Кыргыз тарыхында сиздердин дагы жаза турган жаркын барактарыңыздар, бийик милдетиңиздер бар. Быйыл эгемендүү Кыргызстаныбыз 23 жылдыгын белгиледи. 23 жаш - өз алдынча турмушка аттанган мезгил. Сиздер дагы мамлекетибиз сыяктуу жашсыздар. Алдыңыздарда бийик максаттар, асыл иштер күтүп турат. Анткени жаштык курак - изденүүнүн, алга умтулуунун жана илгери үмүттөрдүн мезгили. Албетте, жаңылануу, тазалануу учурунда ар кандай утурумдук кызыкчылыктар, азгырыктар болбой койбойт. Бирок эгемендүү Кыргызстандын билимдүү, аң-сезимдүү жаштары бузуку күчтөргө жетеленбейт деп ишенем".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан