Жогорку Кеңештин депутаттары жайында Ысык-Көлдүн жээгин эс алуучулар бош бөтөлкөгө толтуруп жатканын айтышты. Мындай пикир Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 10-ноябрдагы жыйынында айтылды. Депутат Мамытбай Салымбековдун айтымында, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция өз ишин аткарбай жатат.
"Ысык-Көлдө жылына 2 миллион адам эс алат деп айтып жатабыз. Эгерде алардын ар бири күнүнө 3төн бөтөлкө суу ичсе, анда көл жээгинде 6 миллион бөтөлкө калат, ал эми 3 айда канчалаган бөтөлкө болуп жатат? Буга Экологиялык-техникалык инспекция көзөмөл кылышы керек. Инспекциянын түзүлгөнүнө 3 жыл болду, бирок аткарган иши жок. Элдин баары көл боюнда казан асып, экологияны бузуп жатат",- деди ал.