Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлигинин мурунку статс-катчысы Максатбек Дыйкановго (сүрөттө) карата ачылган кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилди. Муну парламенттин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин 10-ноябрдагы жыйынында башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу билдирди. Айтымында, Дыйкановдун мамлекетке келтирген зыяны 22 миллион сомду түздү. "Бир эпизод боюнча эле 6 миллион сомдук зыян келтирген деп айыпталууда. Бул сумма пара алуудагы акча. Коррупциялык схема көп жылдан бери иштеп келген. Кеп Дыйкановдун схемасы тууралуу эле эмес, мурунку транспорт министри Нурлан Сулаймановдун да схемасы жөнүндө болуп жатат",- деди Бекмамат уулу.
Эскерте кетсек, М.Дыйканов быйыл июль айында камакка алынган. Ал "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталууда.