Кыргызстандагы жөлөк пулдар үчүн ноябрь айына 503 миллион сом которулду

Социалдык өнүктүрүү министрлиги ноябрь айындагы жөлөк пулдар үчүн 500 миллион сомдон ашык акча которду. Жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын ноябрдагы жөлөк пулунун суммасы 371 миллион 277 800 сом. Министрлик аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын жөлөк пулу акыркы жылдары 95 пайызга көбөйгөнүн, акыркы жогорулатуу быйыл 1-ноябрда болгонун билдирет. Мындай үй-бүлөлөр алчу жөлөк пулдун азыркы суммасы 370 сомдон 705 сомго чейин (бир бала үчүн) экени, бул сумманы 2015-жылы 810 сомго көтөрүү пландалып жатканы айтылды.
Ноябрь айындагы жөлөк пулдар үчүн бөлүнгөн акчанын жалпы суммасы 503 миллион 867 900 сом.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан