Чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин 10-ноябрдагы жыйынында Мамлекеттик чек ара кызматынын "Нарын" чек ара кошуунунун жана анын чек ара тозотторунун 2014-2015-жылдын кыш мезгилине даярдыгын кароо боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, чек ара бекеттери 2015-жылдын 1-июлуна чейин тамак-аш менен 100 пайыз камсыздалган. Дүйшөнбиев чек арачылардын үй-бүлөлөрү да кышында айылдарга көчүрүлүп келерине токтолду.
“Чек араларга барчу жолдор табигый кырсыктардан улам эрте жабылып калгандыктан, тамак-аш менен алдын ала камсыздалган. Андан сырткары үй-бүлөлөрүн атайын чечим менен кышында айылдарга көчүрүп келебиз, жайында болсо кайра ошол чек ара бекеттерине алып барабыз”,- деди.