Кыргызстанда эми аким, губернаторлор да кирешеси тууралуу декларация тапшырышмакчы

Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин отурумунда чиновниктердин кирешеси тууралуу декларация тапшыруу тартибине өзгөртүү киргизе турган мыйзам долбоору талкууланды

Ага ылайык, декларация тапшырууга милдеттүү болгон мамлекеттик кызматкерлердин тизмеси кеңейди. Эми саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматта иштегендер, район, облус башчылары, шаардык кеңештин төрагалары, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлери декларация тапшырууга өтүшөт. Депутаттар аталган мыйзам долбоорун жактырды. Айта кетсек, буга чейин мамлекеттик жооптуу кызматтагы адамдар гана жылдык кирешесин жана мүлкүн көрсөтүп турушкан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан