Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Түркмөнстанга барат

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-ноябрда Түркмөнстанга расмий иш сапары менен барат. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, өлкө башчы Түркмөнстандын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мамлекет башчынын Түркмөнстанга болчу иш сапары мурунку айларда айтылып, Алмазбек Атамбаев 29-октябрда аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчисинин Ишеним грамотасын алып жатып буларды айткан: 
"Түркмөнстандагы биздин элчилик 10 жылдан бери иштеп жатат, эми Кыргызстанда сиздердин элчилик ачылды. Түркмөнстандын бул кадамын жогору баалайм. Ноябрь айынын башында расмий сапар менен Түркмөнстанга барам. Бул кадам кыргыз-түркмөн кызматташуусунун жаңы баскычына жол ачат деп ишенем”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан