5-7-ноябрь күндөрү Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык экономикалык комиссиясы тарабынан уюштурулган “Аймактык жалпылык: “Пекин+20” эл аралык конференциясы өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова катышып келди. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Конференцияда негизги маселелер болуп аялдардын билим алуусу жана кесипке даярдыгы, экономикалык абалы, аларга болгон зордук-зомбулук жана аялдардын абалын жакшыртуунун институционалдык механизмдери каралды.
Жыйында коомдогу аялдарга болгон зордук-зомбулук маселеси боюнча баяндама жасаган депутат Алтыбаева коомдо аялдардын абалын жакшыртуу боюнча Кыргызстандын парламентинин демилгелери тууралуу жана ошондой эле мындан аркы иш-аракеттери жөнүндө маалымат берди.
Айта кетсек, 1995-жылы Пекинде өткөн аялдардын абалы боюнча 4-бүткүл дүйнөлүк конференциянын жүрүшүндө Пекин декларациясы жана Аракеттер платформасы кабыл алынган. Анда аялдардын абалын жакшыртуу, алардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн алга жылдыруу максаты коюлган.