Депутаттар түштүк кореялык элчиден Баткенге инвестиция тартуу үчүн жардам сурашты

Жогорку Кеңештин депутаттары Улукбек Кочкоров, Ташполот Балтабаев жана башкалар 10-ноябрда Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Чанг Гю менен жолугушту. Депутаттар элчиден Баткендин айыл чарбасынын кайра иштеттүү жана текстиль тармактарына инвестиция тартууга көмөктөшүүнү өтүндү. Баткен облусунун ивестициялык абалын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору иштелип жатканын, ал кабыл алынып калса, инвесторлор үчүн жакшы шарт түзүлөрүн айтышты.

Элчи инвесторлорду табууга жарадам берерин билдирди. "Элчиликте Кыргызстанда иш жүргүзө турган 5 артыкчылыктуу багыт белгиленди, алар: айыл чарбасы, тоо-кен өнөр жайы, энергетика, медицина, маалымат технологиясы",- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан