Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Түркмөнстанга барды

Бүгүн, 10-ноябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Түркмөнстанга барды. Сапардын алкагында 11-ноябрь күнү Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, жыйынтыгында бир катар эки тараптуу кыргыз-түркмөн кызматташтыгы боюнча документтерге кол коюу болжолдонууда. Мамлекет башчынын Түркмөнстанга сапары кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө, ошондой эле бардык деңгээлдерде эки тараптуу байланыштарды активдештирүүгө багытталганын билдирет президенттик аппараттын басма сөз кызматы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан