Жол-кайгуул кызматы быйыл коррупция менен күрөшүүдө пландалган иштердин 28 пайызын гана аткарды

Кыргызстандын Жол-кайгуул кызматы коррупция менен күрөшүүдө аксап жатат. Мындай бүтүм Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун жакында өткөн жыйынында чыгарылганын бүгүн, 11-ноябрда аталган кеңештен билдиришти. Маалыматка таянсак, Жол-кайгуул кызматы быйыл системдүү коррупция менен күрөшүү боюнча пландалган иш-чаралардын 28 пайызын гана толук аткарган. Жумушчу топтун мүчөсү Темир Жумакадыровдун билдиришинче, пландалган иш-чаралардын 36 пайызы чала (толук эмес) аткарылса, 14 пайызы учурда аткарылуу стадиясында. 22 пайызы аткарылган эмес.  
Жумушчу топтун мүчөлөрү ИИМдин жаңы жетекчилигине коррупция менен күрөшүүдө жакшы иштебей жаткан кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо сунушун беришти. Ошондой эле Жол-кайгуул кызматынын башчысына коррупциянын тамырын кыркуу иш-чараларынын планын жыл аягына чейин аткаруу, 2015-жыл үчүн кошумча сунуштарды киргизүү милдети жүктөлдү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан