Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын экономикасы үчүн алдыдагы 2-3 жыл оор болорун айтты. Оторбаев бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жанан финансы комитетинин кеңейтилген жыйынына катышып жатат. Кыргызстандын экономикасы коңшу өлкөлөрдөн көз каранды экенин белгилеген премьер: "Биздин өлкө деңизге түз чыга албайт. Биздин экономика ички жана тышкы факторлордон көз каранды, алдыда кыйынчылыктар турат. Батыш менен Орусиянын ортосундагы санкциялардын таасири бизден айланып өтө албайт. Орусияга каршы жарыяланган санкциялар бери дегенде бизге 2016-жылга чейин таасир этиши мүмкүн. Мунун алгачкы кесепетин көрүп жатабыз, сомдун девальвациясы. Күйүүчү майлардын баалары да өстү, анткени бул орусиялык рынок менен байланышкан",- деп билдирди Оторбаев.