Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин 11-ноябрдагы жыйынында депутаттардын коомдук кеңешчилери жана коомдук жардамчыларынын саны жана иш милдеттери тууралуу жобонун долбооруна киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча маселе каралды. Жыйында эл өкүлү Бөдөш Мамырова коомдук жардамчылар депутаттын атынан чыгып сүйлөөгө же өз пикирин билдирүүгө болбой тургандыгын баса белгиледи. Анын айтымында, жардамчылар туура эмес сүйлөп, депутатка ыңгайсыздык жаратат. “Жобого коомдук жардамчыларды депутаттын атынан сүйлөөгө тыюу салган пункт киргизип коёлу. Болбосо алар биздин атыбыздан иш-чараларга барып, туура эмес сүйлөп алса, бул жактан айтып жатышат, “сиздин жардамчыңыз жыйында минтип сүйлөп койду” деп. Демек, бизге сөз тиет. Алар депутатка жыйындан маалымат гана берип туруш керек”,- деди ал.
Депутат Төрөбай Зулпукаровдун пикиринде, коомдук жардамчылар менен кеңешчилер жер-жерлерде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдар менен токтомдордун аткарылышы боюнча маалымат беришет. Аймактардагы шайлоочулар менен болгон жолугушууларга катышып, депутат бара албай калган учурда анын көрсөтмөсү менен пикирин жеткирип койсо болорун билдирди.