Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин демилгеси менен Кытайдын бардык аймактарындагы ири корпорациялардын катышуусунда 10-ноябрь күнү "КРнын инвестициялык климаты жана туризм" аталышында тегерек стол болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн инвестициялык абалы, потенциалы боюнча презентация көрсөтүлүп, жаңы технологиялар, айыл чарба, энергетика, туризм тармагындагы маселелер талкууга алынды. Катышуучулар мейманкана, социалдык турак жайлардын курулушу, экологиялык таза азык-түлүктү өндүрүү, пайдалуу кен байлыктарды казуу жана кайра иштетүүнү кызуу талкуулашты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.