Алиясбек Алымкулов, министр: "Айла жок, 25 миң сом айлык менен эптеп жашап жатам"

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 11-ноябрдагы жыйынында министрлер Алиясбек Алымкулов жана Канат Садыков менен депутат Өмүрбек Абдрахмановдун ортосунда түшүнбөстүк жаралды. Жыйында депутат министрлерге: “Кимиңер пара албай, 20-25 миң сом айлык менен жашап жатасыңар, колуңарды көтөргүлөчү?”- деп кайрылды. Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов ордунан тура калып: “Айла жок жашап жатабыз, жеке мен айласыздыктан жашап жатам”,- деп жооп кылды. Андан кийин билим берүү жана илим министри Канат Садыков бул айткандары үчүн депутатты сотко бере турганын билдирди. Буга чейин аталган депутат министрлер 20-25 миң сом айлык менен коррупциясыз жашай албай турганын айтып чыккан эле. 

Айта кетсек, жыйында өлкөнүн 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат. Депутаттардын суроолоруна өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, каржы министри Ольга Лаврова жана башка министрлер жооп берүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан