Кыргызстандын борборунда биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын саны 10-ноябрга карата 26 399ду түздү. Муну бүгүн, 11-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Учурда Бишкек мэриясында жана Октябрь райондук администрациясында иштегендердин биометрикалык маалыматтарын топтоо иштери жүрүп жатат. Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинде маалымат топтоо иши жаңы башталганы айтылды.
Эскерте кетсек, борбор шаарда биометрикалык маалымат чогултуу быйыл 20-октябрда башталган.