Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 11-ноябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, министрликтин алдындагы Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен 11 мыйзамды күчүн жоготту деп эсептөө боюнча чечим кабыл алынган. Анын 3 мыйзамы аталган комитетке мүнөздүү. Бул мыйзамдар колдонуудан чыккан, актуалдуулугун жоготкон мыйзамдар болгондуктан, жаңы кабыл алынып жаткан мыйзам актыларына карама-каршылыктарды, коллизияларды жаратпашы үчүн күчүн жоготту деп табуу сунушталган. Депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окуудан жактырышты.