Бүгүн, 11-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева мамлекеттик бийлик органдарына караштуу Коомдук байкоочу кеңештерди түзүү механизмдери боюнча тегерек столдун жүрүшүндө "Коомдук байкоочу кеңештер туруктуу түзүм катары кала алышат" деп билдирди.
Вице-премьер-министр учурда республикада Коомдук байкоочу кеңештердин курамында орун алуу үчүн сынакка катышууну каалаган жарандардан документ кабыл алуу уланып жатканын белгилеп өттү.
“Өкмөт активдүү жарандарды мамлекеттик органдарга караштуу Коомдук байкоочу кеңештердин курамына кирүүгө чакырууда. Жарандык багыты бар сабаттуу жана ак ниет адискөйлөр маморгандардын отчёттуулугун жогорулатууга гана эмес, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга да өз салымын кошо алат. Өткөн жылдардагы Коомдук байкоочу кеңештин тажрыйбасы тастыктагандай, активдүү жарандар мамлекеттик органдарга, андагы маанилүү өзгөрүүлөргө жана карапайым жарандардын турмушуна таасир эткен нормативдик-укуктук актылардын мазмунуна түздөн-түз таасир эте алат»,- деди Эльвира Сариева.