Башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу фамилиясын өзгөрттү

Кыргызстандын башкы прокурорунун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу фамилиясын өзгөртүүнү чечти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 11-ноябрда жарыялап, төмөнкүлөрдү билдирди: 
"Фамилиясын өзгөртүүнү күбөлөндүрүүчү Темирбек Бекмамат уулунун арызынын негизинде, "Жарандык актылардын абалы жөнүндө" жана "КРнын прокуратурасы жөнүндө" мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен башкы прокурор Аида Салянова КРнын Башкы прокуратурасынын каттоосунда жана башка расмий документтерде, эмгек китепчесинде өзүнүн биринчи орун басарынын фамилиясын өзгөртүү боюнча буйрук берди. Эми Бекмамат уулу Темирбектин өздүгү Темирбек Бекмаматович Бекмаматов болуп өзгөрдү"
Айта кетсек, Темирбек Бекмаматов белгилүү мамлекеттик ишмер Бекмамат Осмоновдун уулу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан