Мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир катар чечимдерин Алмазбек Атамбаев жокко чыгарды

Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын Президентинин айрым чечимдери жөнүндө" буйругуна кол койду. Ага ылайык, төмөнкү чечимдер күчүн жоготту деп табылды:   
"КРнын Соттук департаменти жана Жогорку Соттун алдындагы Судьяларды окутуу борбору жөнүндө" КРнын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги буйругунун 4-5 пункттары;
"КРнын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" КРнын Президентинин 2008-жылдын 26-декабрындагы буйругунун 3-пункту;
"КРнын сот системинин ишмердүүлүгүндөгү айрым маселелер жөнүндө" КРнын Президентинин 2009-жылдын 20-июлундагы буйругу;
"КРнын жергиликтүү сотторунун жардамчылары жана КРнын жергиликтүү сотторунун ишмердүүлүгүнүн башка маселелери тууралуу" КРнын Президентинин 2010-жылдын 12-февралындагы буйругунун 4-5-пункттары;
"КРнын Сот департаменти жана КРнын Жогорку Сотунун алдындагы Судьяларды окутуу борбору жөнүндө" 2008-жылдын 21-апрелиндеги буйругуна толуктоо киргизүү тууралуу" КРнын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы буйругу жана башка чечимдер. 
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан