Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин кеңейтилген жыйынында депутат Өмүрбек Абдрахманов өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге: “Сиз премьер-министр катары бир дагы реформа жүргүзгөн жоксуз. Сиз турганда реформалар жасалабы, коррупционер министрлер жоопко тартылабы, качанкыга чейин советтик систем менен жашайбыз?”- деп кайрылды.
Өкмөт башчы депутаттын суроосуна: “Сиз аксакалсыз, депутатсыз, ойлонуп сүйлөңүз! Министрлерди далилиңиз жок “коррупционер” дебеңиз”,- деп жооп берди.