Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев жаңы партия түздү. Бул тууралуу депутат өзү SUPER.KG порталына бүгүн, 11-ноябрда билдирди. Партиясынын аты "Ак ниет" экенин айтты. Бекешевдин жаңы партиясы 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышат. "Партиянын курамына кимдер кирери боюнча азырынча комментарий бере албайм, аны убакыт көрсөтөт",- деди ал.