Депутаттардын коомдук кеңешчилери иштен бошотулгандан кийин кызматтык күбөлүктөрүн тапшырбай жатышат

Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин 11-ноябрдагы жыйынында депутаттардын коомдук кеңешчилери жана жардамчыларынын саны жана иш милдеттери тууралуу жобонун долбооруна киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча маселе каралды.

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотовдун айтымында, айрым депутаттар коомдук жардамчылары менен кеңешчилерин жободо көрсөтүлгөндөн ашыкча санда алып жатышат. Ошону менен бирге коомдук жардамчылары менен кеңешчилери жумуштан бошотулган учурда кызматтык күбөлүктөрүн тапшырбай кеткен жагдайлар көп. Ошондон улам жаңы жардамчы же кеңешчи алууда мурункулардын күбөлүктөрүн милдеттүү түрдө тапшыруу талабы коюлууда. Комитет мүчөлөрү өзгөртүүнү колдоого алышты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан