Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 11-ноябрда Улуттук филармонияда өткөн белгилүү жазуучу Касымалы Жантөшевдин 110 жылдыгына арналган иш-чарага катышып, анын чыгармачылыгы, өмүр жолу тууралуу сөз сүйлөдү. Төрага өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтты:
"Элдин эсинде дайыма сакталып, муундан-муунга аңыз кеп болуп айтылып, урпактардын урматына ээ болгон сейрек таланттар болот. Дал ошолордун бири – бүгүн биз эскерип жаткан, кыргыз рухун туу тутуп, сүрөткердик милдетин бийик сактаган, келечек муундар үчүн көөнөрбөс чыгармаларын мурас калтырган алп жазуучубуз Касымалы Жантөшев.
Ал бизге улуттук адабиятыбыздын өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлеген "Тилек", "Жалындуу жаштар", "Ашуу ашкан суу", "Эки жаш", "Хан-теңирлик чабан" өңдүү көркөм чыгармаларын калтырды. Ушул эмгектери кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө өзгөчө баалуу салым кошуп, маданиятыбызда өзүнүн татыктуу ордун тапты. Алар кыргыздын тилинин, кыргыздын маданиятынын өнүгүүсүндө өзгөчө тепкич болуп калды.
Интеллектуалдык деңгээли өтө бийик, нукура ой-туюму зирек, табиятында жаратуучулук сапаты бар инсаныбыз элибиздин маданий мурастарына өзгөчө маани берип, аларды элге жайылтууга жанын үрөгөнү баарыбыз үчүн сабак болууга тийиш.
Кыргыздын кайсы айылына барба, улуусуна же кичүүсүнө кайрылба, алардын арасында Касымалы Жантөшевдин өзгөчө бир чыгармасын билбеген адам жок деп ойлойм. Ал - муундан-муунга көркөм мурас катары өтүп, колдон түшпөй окулчу "Каныбек" романы. Бул чыгармасы үчүн замандаштары Касымалы Жантөшевди кыргыздын Дюмасы деп аташканын баарыбыз билебиз. Бул роман кыргыз көркөм сөз өнөрүндө өзгөчө орунду ээлейт, ал ар бир кыргыздын китеп текчесинде өзгөчө таберик катары сакталып келет.
Урматтуу замандаштар, биз кыргыз маданиятында өзүнүн татыктуу ордун тапкан улуу инсандын элесине дагы бир жолу таазим кылып отурабыз. Кыргыз эли жана кыргыз руху турганда элибиздин чыгаан уулу, залкар жазуучу Касымалы Жантөшев атабыздын эмгектери, бизге калтырып кеткен маданий мурастары эч качан унутулбайт. Анын ысымы ташка басылган тамгадай муундан-муунга түбөлүккө кала бермекчи".