Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-ноябрда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Жолугушуу Ашхабад шаарындагы Огузхан сарайында өтүп, өлкө башчылары түрдүү тармактар боюнча Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы кызматташтыкка тийиштүү маселелер боюнча пикир алышты. Президенттик аппараттан билдиришкендей, тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактагы алакасын жандантуу керектигин белгилешти. Эл аралык жана аймактык маселелер, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү коопсуздукту камсыз кылуудагы кызматташтык президенттер талкуулаган негизги темалардын бири болду.