Бүгүн, 11-ноябрда Жогору Кеңештин Бюджет жана финансы комитети кеңейтилген жыйынында Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Баткен-Исфана (75-108-чакырым) унаа жолун реконструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырды.
Ага ылайык, аталган банк жолду оңдоого 23,76 миллион доллар бөлүп берүүдө. Насыянын суммасынан 1,5 пайызы жылдык, насыяны төгүүнүн мөөнөтү 7 жылдык жеңилдетилген мөөнөттү кошуу менен 25 жылга берилип жатканы айтылды.