“Карызды көп алууга эл себепчи болууда" дейт Темир Сариев

“Биз жеңилдетилген насыяларды алып, натыйжалуу пайдаланып калбасак, эки жылдан кийин коммерциялык насыяларды алып баштайбыз”,- деди экономика министри Темир Сариев. Министр бул тууралуу Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 11-ноябрдагы жыйынында айтты. Кыргызстандын экономикасы абдан чакан экенин белгилеген министр: “Биз суу чыгарып, мектеп, жол, көпүрө салышыбыз керек. Азыр жеңилдетилген насыя алып жатканда пайдаланып калалы да. Туура, көп эле жерде карызды азыраак алалы деп жатабыз. Бирок эл да талап коюуда, мисалы, мектеп кургула деп жатат да”,- деп билдирди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан