Бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте парламенттеги КСПД фракциясынын кезексиз жыйыны башталды. Отурумда Талас облусунда төө буурчак өстүргөн дыйкандардын маселеси каралмакчы. Жыйынга аталган фракциянын депутаттары, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева жана облустун дыйкандары катышууда.