Бүгүн, 11-ноябрда КСДП фракциясынын жыйынында депутат
Данияр Тербишалиев аталган фракциянын депутаттык атайын комиссиясынын жыйынтыктоочу маалыматын окуп берди. Анда таластык дыйкандардын негизги нааразычылыктары айтылат:
" - Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү К.Курманалиева "төө буурчак кардын алдында калып, сары ала болуп калды" деп инвесторлорду качырууда.
- Премьер-министр Ж.Оторбаев Талас облусуна болгон иш сапарында "быйыл төө буурчактын баасы килограммына 120 сомдун тегерегин түзөт" деп элди ишендирип кеткен, бирок бул өсүмдүктүн баасы 60 сомдон ашпай жатат.
- Айыл чарба жана мелиорация министрлиги быйыл дыйкандарга төө буурчактын баасы Аргентина, Египет, Бразилия, Кытай мамлекеттеринде түшүмдүн мол болгонуна байланыштуу төмөн болуп жатканын айтып, башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча маалымат таркатып, кыскасы, жардам берген жок".