Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 11-ноябрдагы жыйынында өлкөдө букмекер кеңселеринин иштешине тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралды. Демилгечилердин айтымында, жарандар букмекердик кеңселерге көз каранды болуп, жапа чегип жаткандыктан улам ушундай мыйзам даярдоо зарылдыгы келип чыкты.
Айта кетсек, 2012-жылы Жогорку Кеңеш "Букмекер кеңселеринин жана тотализатор бюролорунун ишмердиги" тууралуу мыйзамды кабыл алган. Бирок президент Алмазбек Атамбаевдин каршы пикиринен улам мыйзамга кол коюлбай калган.