Тармактык комитет коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салчу мыйзам долбоорун 2-окууда колдоду

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 11-ноябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” (тамеки чегүүнү кыскартуу жөнүндө) мыйзам долбоору каралып жатат. Демилгечи депутаттардын бири Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору жарандардын коомдук жайларда тамеки чегүүсүнө, ошондой эле тамекини жарнамалоого тыюу салынууда. Депутат өкмөт тарабынан мыйзам долбоорун колдоо боюнча чечим чыгарбай жатканын кошумчалады. “Мыйзам долбоору комитеттерден 2-окуудан өтүп жатат. Тилекке каршы, өкмөт эмне үчүн колдобой жатканы түшүнүксүз”,- деди ал.

Комитет сунушталып жаткан мыйзам долбоорун 2-окууда жактырып, парламенттин кароосуна жиберди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан