Түркмөнстандын президенти Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоого каршы эместигин билдирди

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түркмөнстанга болгон иш сапарында аталган өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрдү. Атамбаев түркмөн президентине жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык айтып: "Менин иш сапарым биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө ташталган кадам боло алат деп ишенем. Сиз менен тар чөйрөдө сүйлөшүү жүргүздүм, дээрлик бардык маселелер боюнча позициябыз бирдей",- деп билдирди.  
Бердымухамедов Кыргызстан Түркмөнстан үчүн ыңгайлуу өнөктөш экенин белгилеп, буларды айтты: "Кыргызстан биз үчүн узак мөөнөттүү өнөктөш катары караган боордош өлкө. Биздин алдыбызда экономикалык, соода-инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактагы алаканы кеңейтүү милдети турат". 
Түркмөнстан электр энергиясын өндүрүүнү күчөтө турганын жана Кыргызстанга электр кубатын экспорттоо маселесин карап көрүүгө даяр экенин кошумчалады Бердымухамедов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан