Кыргызстандын президенти
Алмазбек Атамбаевдин Түркмөнстандагы иш сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Алар эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө багытындагы келишим, меморандум жана макулдашуулар. Кыргыз-түркмөн мамилесин активдештирүүчү документтер:
- Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишим;
- Кыргызстан менен Түркмөнстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызмтташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясы жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Маданият министрлигинин ортосундагы маданият тармагы боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Түркмөнстандын Соода-өндүрүш палатасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык мамилелер институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын өкмөтү менен Түркмөнстандын өкмөтүнүн ортосундагы салык мыйзамдуулугун сактоо боюнча кызматташуу жана кайтарымдуу жардам боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Түркмөнстандын Каржы министрлигинин ортосундагы кылмыштуу жолдор менен табылган кирешелерди легалдаштыруу жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Дене тарбия тармагындагы макулдашуу.