Асылбек Жээнбеков кыргыз-ооган кызматташтыгында алдыга жылыш бар экенин билдирди

Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 11-ноябрда Ооганстан Жогорку жыйынынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Несар Ахмад Харес баштаган ооган парламенттик делегациясын кабыл алды. Жээнбеков эки өлкөнүн кызматташтыгында оң жылыштар бар экенин белгиледи. "Кыргызстан Ооганстанга эл биримдиги менен өлкө коопсуздугун бекемдөөгө багытталган аракеттер жаатында ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр. Акыркы мезгилдерде тараптардын ар кандай деңгээлдеги, анын ичинде парламенттер ортосундагы алакаларда жандануу байкалды",- деди ал.

Несар Ахмад Харес парламенттик демократиянын эл аралык маселелерди чечүүдөгү өзгөчө ролун белгилөө менен 2015-жылдын башында Кабул шаарында "Азия жүрөгү" Стамбул жүрүмүнүн алкагында парламенттик форум өткөрүү демилгеси көтөрүлүп жатканын билдирип, ага кыргыз парламенти тарабынан колдоо болоруна ишеним артарын белгиледи. "Мындай кызматташтык өлкөдөгү терроризм, диний экстремизм, наркотрафик сындуу көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгынан улам пайда болууда. Ал көйгөйлөр трансулуттук мүнөздө болгондуктан, биз бирдиктүү аракет кылышыбыз керек",- деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан