Депутаттар Айыл чарба министрлиги дыйкандарга маалымат жеткире албай жатканын айтышты

Бүгүн, 11-ноябрда КСДП фракциясынын кезексиз жыйынында депутат Заирбек Жоошбеков Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин дыйкандарга керектүү маалымат таратуучу басылмасы бар же жок экенин сурады.

“Мурда атайын дыйкандар үчүн басылма чыкчу. Бардык дыйкандар аны окуп, айыл чарба тармагындагы маалыматтардан кабардар болуп келишчү. Ал эми бүгүн сиздерде кандай маалымат каражаты бар? Учурда болуп жаткан пикир келишпестиктер, талаш-тартыштар дыйкандар маалыматка ээ эмес болгондуктан орун алууда”,- деди депутат. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев бул жаатта учурда бир гезит бар экенин билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан