Бүгүн, 11-ноябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандагы иш сапарынын алкагында Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө, Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын монументине гүлчамбар койду. Муну президенттик аппараттан билдиришти. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен бирге өлкө башчы ат-спорттук комплексинде да болду. Кыргызстандык делегацияга "Галкыныш" цирктик атчандар тобу өнөрлөрүн тартуулашканы кабарланды.
Алмазбек Атамбаев баштаган делегация бүгүн түнү Бишкекке кайтып келмекчи.